Олимпиада 2020: казак спортчуларынын жыйынтыгы

Олимпиада 2020: казак спортчуларынын жыйынтыгы

Токиодо өткөн 32-жайкы Олимпиада оюндары соңуна чыкты. Тарыхта биринчи жолу казакстандык спортчулар алтын да, күмүш да байгеге жетише алган жок. Казакстан курама командасынын куржунунда коло медаль гана бар, тагыраагы 8 коло медаль. Пьедесталдын үчүнчү тепкичине дзюдочу Елдос Сметов, оор атлетчилер Игорь Сон менен Зульфия Чиншанло, боксчулар Камшыбек Кункабаев жана Сакен Бибосынов, балбан Нурислам Санаев жана каратэчилер Дархан Асадилов менен Софья Берулцевалар чыгышты. Ошентип, медалдык эсепте улуттук курама курама команда 83-орунду ээледи. Жалпысынан, 2020-жылкы Олимпиадага Казакстандан 97 спортчу катышты - алар спорттун 27 түрү боюнча өлкөнүн намысын коргошту. Кийинки жайкы Олимпиада 2024 -жылы Франциянын борбору Парижде өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков