Украинада гуманитардык коридор ачылды. Бул Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раундунун жыйынтыгы. Ал Сумы шаарынан Полтавага чейин багытталат. Келишимге ылайык, Киев убактысы боюнча саат 9:00дөн 21:00гө чейин ок атышпоо тартибин камсыздоо керек. Буга чейин гуманитардык коридорлор Киевде, Черниговдо, Харьковдо жана Мариуполдо ачылаары айтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков