Казакстан менен Эстония адамдарды реадмиссиялоо боюнча макулдашты

Казакстан менен Эстония адамдарды реадмиссиялоо боюнча макулдашты

Казакстан менен Эстония мыйзамсыз миграцияга каршы бирге күрөшөт. Мажилис эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы адамдарды реадмиссиялоо боюнча макулдашууну кабыл алды. Документ өлкөнүн аймагында жүрүү эрежесин бузган адамдарды кайтаруу тартибин жөнгө салат. Келишим Казакстан жарандарын жоопкерчиликке тартпастан, кирүүсүнө тыюу салбастан тиешелүү талаптар боюнча кайра кайтарууга мүмкүндүк берет. Тараптардын компетенттүү органдары өлкөгө кайтып келүүгө керектүү документтерди даярдоого көмөктөшөт. Бул жаатта Казакстандан Ички иштер министрлиги, ал эми Эстониядан Полиция жана Чек араны коргоо департаменти бекитилди.

Ержан Саденов, Ички иштер министри:
- Келишимди ратификациялоо Европа мамлекеттери менен өз ара кызматташтыкты чыңдоого жаңы түрткү берет. Мындай келишимдерге кол коюу биздин жарандар үчүн виза тартибин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Келишим эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыкты. Реадмиссия институту 18 мамлекет менен иштешет. Келишим мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш жүргүзүүдө эл аралык нормаларга таянып, аларды кабыл алуу жана транзитти жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков