Өкмөттө жаңы бюджет кодексинин долбоору каралды

Ачык жана ийкемдүүлүк - бюджеттик процесстерди кыйла жөнөкөйлөтүүгө жана оптималдаштырууга, ошондой эле мамлекеттик финансыны башкаруунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Булар жаңы Бюджеттик кодекстин алдында турган негизги критерийлер жана милдеттер. Документтин долбоору өкмөттө каралып, аны Улуттук экономика министри сунуштады. Алибек Куантыровдун айтымында, аны даярдоодо серепчилердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин сунуштары, Жогорку аудиторлор палатасынын сын-пикирлери жана, албетте, мамлекет башчынын тапшырмалары эске алынды. Инновацияларга келсек, алар да аз эмес. Маанилүүлөрдүн бири – жаңы кодекстин долбоорунда Улуттук фонддун каражатын маанилүү инфраструктураны жана стратегиялык долбоорлорду каржылоого гана алууну караган пункт камтылган.

Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:
-Критикалык объекттердин катарына, мисалы, фабриканын курулушу кирет, ал жумуш менен камсыз кылат жана кошумча салыктар болот. Же жашоону камсыз кылуучу инфраструктура. Жалпы өлкө боюнча – «Ыңгайлуу мектептер» долбоору сыяктуу бир эле учурда бир нече облустун аймагында бир нече объектилер курулуп жатат. Өзүнчө беренеде «Балдар үчүн улуттук фонд» жөнүндө жоболор камтылган. 2030-жылга чейинки мамлекеттик каржыны башкаруу концепциясына ылайык, булар 18 жашка чыкканга чейин балдарга жыл сайын топтолгон максаттуу каражаттар болот. Улуттук фонддон каражаттарды алуунун көлөмү максаттуу талаптардын көлөмү менен чектелет.

Ошондой эле, министрлер кабинети бүгүнкү күндө дагы бир актуалдуу маселелердин  бири — республикада оруп-жыйноо өнөктүгүнүн жүрүшү айтылды. Тиешелүү бөлүмдүн башчысынын айтымында, быйыл дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн аянты 17 миллион гектардан ашты. Азырынча алардын 40%ы жыйналып алынды. Азыр дыйкандар орто эсеп менен гектарынан 10 центнерге жакын түшүм алууда. Буга дан эгилген аймактарда узакка созулган жаан себеп дейт Айдарбек Сапаров. Ага карабастан, министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, бардык зарыл чаралар көрүлдү. Анын ичинде оруп-жыйноо кампаниясын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо. Алихан Смаилов Өкмөткө белгиленген мөөнөттү аткарууну жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө көмөк көрсөтүүнү, дан сактоочу жана кургатуу пункттарында түшүмдү күнү-түнү кабыл алууну камсыз кылууну тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
-Энергетика министрлигине эгинди кургатуу үчүн кошумча көлөмдө дизелдик отун бөлүнөт. «Байтерек» холдинги насыялык карыздарды, ошондой эле аба ырайынын катаал шарттарынан жапа чеккен дыйкандарга айып санкциясын колдонбостон Азык-түлүк корпорациясы аркылуу товардык насыяны узартууда. Аба ырайынын шарттары форс-мажордук жагдайлар катары таанылат. Субсидиялар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.