Курык деңиз портунда жүк ташуунун көлөмү үч эсеге өстү

Курык деңиз портунда жүк ташуунун көлөмү үч эсеге өстү

Быйыл Курык деңиз портунда жүк ташуунун көлөмү үч эсеге өстү. Буга чейин паром аркылуу Азербайжандан гана товар ташуу жүзөгө ашырылып келген. Ошондой эле, быйыл Мангыстаудан Иранга паром линиясы ачылды. Бул багыт боюнча жыл башынан бери 2,9 миң тонна жүк ташылып келинген. Аймакка негизинен курулуш материалдары, мөмө-жемиштер жеткирилген.

Пандемия учурунда Курык портунда автотранспорт паромунун иши жанданды. Чек аралар жабылган мезгилде, порт жумушун токтотпой, ПЧР-тести аркылуу айдоочуларды өткөргөн.

Серик Ахметов, Курык портунун мүдүрү:

- 2020-жылдын теке, баш оона айларында биз рекорддук чекке жеттик. Порт аркылуу жылына 40-50 миң автоунаа ташый ала тургандай күчү бар экенин көрсөттү. Адамдар унааларды Грузиядан, Азербайжандан алып келишти. 2020-жыл бизге - Курык порту үчүн абдан жакшы жыл болду десек болот.

Алдыда бул жерде жүк гана эмес, жүргүнчүлөрдү ташуу да жолго коюлат. Азербайжан менен Курык портунун ортосундагы паромдо 30 кишилик кабиналар болсо, быйылтан тартып орундуктардын санын 200гө жеткирүү боюнча келишим түзүлүүдө. Буга кошумча, жол жүрүү убактысы 4 саатка кыскартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков