Өкмөттө тоо-кен металлургиялык комплексин өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өкмөттө тоо-кен металлургиялык комплексин өнүктүрүү маселелери талкууланды

Быйыл Казакстандын тоо-кен металлургиялык комплексинде 28 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Алар миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана экономиканы ар тараптандыруунун кыймылдаткычы болуп калат. Тармактын өнүгүү маселелерин тоо-кен казуу жана металлургиялык ишканалардын жетекчилери, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү талкуулашты. Ата мекендик ишкерлер кеңешинин жыйыны Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өттү. Анын айтымында, мамлекет чийки зат моделинен терең кайра иштетүүгө жана кошумча наркы жогору өнүмдү чыгарууга өтүүгө басым жасайт. Катышуучулар экология маселелерине жана заманбап технологияларды, анын ичинде санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектти киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, теке айынын 1нен тарта Казакстанда сатып алуулардын жаңыланган мамлекеттик платформасы ишке кирди. Бул тармакта ата мекендик өнүмдүн үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан өлкөдө толук өндүрүштүк циклди түзгөн жана экостандарттарды киргизген ишканаларга колдоо көрсөтүү улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков