Казакстан беш мамлекетте соода өнөктөштөрүн ачууну пландоодо

Казакстан беш мамлекетте соода өнөктөштөрүн ачууну пландоодо

2025-жылга чейин өлкө тышкы рынокко мунай эмес товарлардын экспортун 41 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырууда. Ал эми жакынкы арада республика БАЭге, Кытайга, Түркияга, Индияга жана Иранга 4 миллиард доллардан ашык суммадагы товарларды жеткире алат. Ошондой эле аталган 5 өлкөдө соода өкүлчүлүктөрүн ачуу зарылдыгын министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин коллегиясында билдирди. Өз кезегинде тиешелүү башкармалык өткөн жылдын 10 айында чийки эмес товарлардын экспорту 21,5 миллиард доллардан ашканын маалымдады. Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 35%га өскөн. Мындан тышкары, экспорттук акселератордун катышуучулары 260 миллион доллардан ашык суммага товар жеткиришти. Белгилей кетсек, ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө электрондук аянтчаларга кирүүгө жардам берилет. Бүгүнкү күндө популярдуу аянтчалардын биринде 7500дөн ашык өнүм сунушталган. Экспортчулар дүң баада 100 миллион доллардан ашык соода жасашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков