Казакстандагы абал дүйнөлүк каржы рыногуна кандай таасир этти?

Казакстандагы абал дүйнөлүк каржы рыногуна кандай таасир этти?

Казакстандагы кырдаал эл аралык каржы рынокторуна олуттуу таасирин тийгизди. Биткойндун базар баасы 40 миң долларга чейин төмөндөдү. Буга өлкөдөгү кырдаалдан тышкары АКШнын каржы-кредит саясатынын катаалдашы себеп болгон. Бирок, серепчилер кырдаалдын туруксуздугунан улам келечектеги баа индексин алдын ала айта алышпайт. Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөдө биткоинди өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Республикада тоо-кен чарбаларынын 18 пайызы топтолгон. Өлкөдөгү террордук операция маалында биткоиндин өндүрүшүнө интернет белгиленген убакытта гана берилгени тоскоолдук жараткан. Эске салсак, жетинин айынан бери криптовалютанын баасы 69 миң долларга көтөрүлүп, рекорддук чекке жеткен.

Ал эми ата мекендик ири компаниялардын акциялары акырындык менен калыбына келе баштады. Бул тууралуу Freedom Finance билдирди. Айта кетсек, өлкөдөгү террордук актылардан улам Каспи банкынын акциялары 30%га арзандап, 82 долларга чейин жеткен. Ал эми казатом-өнөр жайынын акциялары 7 пайызга арзандап, бир акциясы 37 долларды түздү. Халык банктын акциялары 19 пайызга арзандап, 13 доллардын тегерегинде болууда. Бирок азыр өлкөдө абал турукташып, акциялардын баасы кайра көтөрүлө баштады, дешет адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков