Жыл башынан бери Караганды облусуна 645 миллиард теңгеге
жакын инвестиция тартылды. 8 айдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3
триллион теңгеден ашты. Региондун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык
өнүгүүсү тууралуу Казакстандын Президентине аким Ермаганбет Булекпаев баяндама
жасады. Бул жылы облуста 29 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Жалпысынан
региондо металлургия, унаа жасоо, айыл чарба, жеңил жана тамак-аш өнөр жайында
өндүрүш өсүшү байкалган. Мындан тышкары, «Qarmet» ишканаларын жаңылоо жүрүп
жатат - жыл башынан бери компания бул максаттарга 110 миллиард теңге инвестиция
салды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

