Астана индустриалдык паркында 336 млрд теңгеге долбоорлор ишке ашырылууда

Астана индустриалдык паркында 336 млрд теңгеге долбоорлор ишке ашырылууда

Казакстандын борборундагы №1 индустриалдык паркта 336 млрд теңгеге 140 долбоор ишке ашырылат. Ал «Астана – жаңы шаар» атайын экономикалык зонасында жайгашкан. Азыр бул жерде 82 ишкана иштейт, дагы 58и ишке ашыруу стадиясында. Аларды кийинки жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландаштырылууда.

Алмат Алимбай, «Astana Invest» инвестицияларды өнүктүрүү шаардык борборунун индустриалдык аймактарды администрациялоо департаментинин мүдүрү:

- Биздин индустриалдык паркта бир нече ири заводдор жайгашкан. Алар өнүмдү келечектүү багыттар боюнча экспорттошот. Негизинен, КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүшөт. Инвестиция тартуу негизинен «бир терезе» принциби боюнча ишке ашырылат. Башкача айтканда, инвесторлорду толук коштоо жүргүзүлөт. Алар үчүн жеңилдиктер жана преференциялар каралган. Астанага чет өлкөлөрдөн - Түркиядан, Орусиядан, КЭРден инвестициялар тартылат.

Паркта 5 жылдан бери модулдук курулуш заводу иштеп жатат. Ишканада көлөмдүү блоктор - бардык керектүү коммуникациялар менен жабдылган даяр бөлмөлөр иштелип чыгат. Компаниянын айтымында, мындай технология курулуштун мөөнөтүн жана наркын кыйла кыскартат. Астанада бул технология боюнча бир нече ондогон турак жай комплекстери курулган.

Валерий Зорин, «Modex» заводунун мүдүрү:

- Ишкананын бүгүнкү күндөгү өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 120 миң чарчы метр сатылуучу аянтты түзөт. Бүгүнкү күндө, мындан үч жыл мурункуга салыштырмалуу өндүрүмдүүлүк үч эсеге жогорулады. Бүгүнкү күндө өндүрүштүн ар бир этабы Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнөт. Биз колдонгон жалпы материалдардын ичинен казакстандык чийки заттын үлүшү болжол менен 60%ды түзөт.

Индустриалдык паркта заманбап сэндвич-панелдер, металл конструкциялар, эмеректер, ошондой эле медициналык жабдуулар өндүрүлөт. Учурда экинчи паркты түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул жерде инвесторлорду тартуу менен 500 миллиард теңгеден ашык суммага 100дөн ашык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Астана экономикага салынган инвестициянын көлөмү боюнча өлкөдө алдыңкы орунда турат. Ушул жылдын 9 айында эле көрсөткүч дээрлик 40 пайызга өсүп, 1,7 триллион теңгеге жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков