Чийки затты
казып алуудан тартып, терең иштетилген өнүмдү өндүрүүгө чейин. Сейрек
кездешүүчү металлдар тармагын өнүктүрүү максатында өнөр жай чынжырынын толук
кластерин түзүү моделин иштеп чыгуу. Премьер-министр мындай тапшырманы өнөр жай
жана курулуш министрлигине «Байтерек»
холдинги менен биргеликте өкмөттө өткөн жыйында берди. Ошондой эле Олжас
Бектенов эл аралык аккредитациядан өткөн лаборатория түзүү маселесинин үстүндө
иштөөнү тапшырды. Тармакты өнүктүрүү дүйнөлүк рынокто өлкөнүн позициясын
бекемдейт, технологияны жана капиталды тартууга, экономиканын жаңы
секторлорунда жеткирүү чынжырына катышууну кеңейтет. Белгилей кетсек, бүгүнкү
күндө өлкөдө түрдүү металлдарды өндүрүү уюштурулган. Анын ичинде бериллий,
скандий, тантал жана ниобий, висмут, сурьма, селен бар. Литий кендерин иштетүү
боюнча долбоорлор ишке ашырылууда, ошондой эле даяр өнүмгө чейин жеткирүү менен
графит концентратын өндүрүүнү жолго коюу пландалууда. Ал эми ушул айда Алматы облусунда
кубаттуулугу 3,3 млн тоннага чейинки вольфрам концентратын өндүрүү ишке
кошулду. Инвестициянын көлөмү 350 миллион долларды түзөт. Алдыда атамекендик
каржы институттарынын активдүү катышуусу аркылуу башка сейрек кездешүүчү
металлдардын кеңири ассортиментин чыгарууну жолго коюу пландаштырылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков