Былтыр Казакстанда 400 кино тартылды

Казакстанда 2023-жылы 400гө жакын тасма тартылды. Бул 1 жыл мурункуга караганда 56 картинага көп. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, ата мекендик өндүрүштүн басымдуу бөлүгү кыска метраждуу жана төрттөн бир бөлүгү толук метраждуу. Алардын арасында даректүү жана көркөм фильмдер басымдуулук кылат. Ата мекендик картиналар көрүүчүлөр арасында чоң суроо-талапка ээ жана чет элдик тасмалар менен атаандашып келет. Маселен, былтыр кинотеатрлардагы казакстандыктар барган сеанстардагы ата мекендик фильмдердин үлүшү дээрлик жарымына жакындаган. Статистикалык маалыматтарга таянсак, казак кино тармагы тез өнүгүүдө. Маселен, 2022-жылы 67 компания тасма тартуу менен алектенсе, былтыр мындай чыгармачыл топтордун саны 100гө жеткен.

 


Которгон: Илгиз Жамалбеков