Өкмөттө мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча мыйзам долбоору каралды

Өкмөттө мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча мыйзам долбоору каралды

Бул үчүн өлкөдө атайын декларация тапшырышы керек болгон адамдардын чектелген реестрин түзүү пландалууда. Эгерде мүлктүн ээси алардын келип чыгышын тастыктай албаса, анда алар негизсиз сатып алынган деп таанылат жана мамлекеттик кирешеге айландырылууга тийиш. Тиешелүү мыйзам долбоору Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйынында каралды. Буга кошумча анда активдерди мыйзамсыз чыгарып кетүүнүн шарттарын жоюуга жана аларды ыктыярдуу түрдө стимулдаштырууга же мажбурлап кайтарууга багытталган эрежелер жазылган. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаиловдун төрагалыгы астында өткөн жыйынга борбордук мамлекеттик органдардын, Президенттик аппараттын, Улуттук банктын жана Башкы прокуратуранын жетекчилери катышты. Премьер-министр Юстиция министрлигине айтылган пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорун тыкыр изилдөөнү улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков