Касым Хан тууралуу тасманы тартуу иштери аяктады

Касым Хан тууралуу тасманы тартуу иштери аяктады

Касым Хан тууралуу тарыхый блокбастерди тартуу иштери аяктады. «Улуу Дала таңы» деп аталган патриоттук тасма казак мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы тууралуу баяндайт. Режиссер Акан Сатаевдин толук метраждуу тасмасы өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен тартылган. Жаңы фильмди быйыл Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында көрүүчүлөрдүн назарына сунуштоо мерчемделип жатат.

Акан Сатаев, тасманын режисёру:

- Жакынкы күндөрү биз «Улуу Дала таңы» тасмасынын тартуу иштерин аяктадык. Көрүүчүлөрдү ыраазы кыла тургандай сапаттуу дүйнөнү түзүүгө аракет кылып жатабыз. Аны бештин айынын 16да Казакстан элине тартуулайбыз. Баары план боюнча, эми монтаждоого киришебиз.

Ири масштабдагы долбоорду тартуу иштери былтыр кышында Алматы облусунун аймагында башталган. Тасмада башкы ролдор Берик Айтжанов, Данияр Оразалиев, Ерик Жолжаксынов, Айдос Абдыкадыров сыяктуу өлкөнүн белгилүү актерлоруна ишенимдүү тапшырылган. Картинада Касым хандын доорундагы окуялар чагылдырылат. Дал ушул доордо - XVI кылымда Казак хандыгы гүлдөп, анын аскердик күчү жогорулаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков