Өлкөнүн мал ылаңдарынын алдын алуудагы аракеттери эл аралык эпизоотикалык бюро тарабынан жогору бааланды. Азыр республика жөнөкөй эмдөөнү киргизүү менен шарп оорусунан таза аймак макамын калыбына келтирүүгө даярданып жатат. Ал эми бир жылдан кийин өзүнүн өндүрүшүнөн эффективдүү дары чыгара баштоо көздөлүүдө. Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен Казакстан өз аймагында бардык региондогу суроо-талапты канааттандыруу үчүн вакциналардын банкын түзө алат. Эл аралык эпизоотикалык бюро коопсуздукту камсыздоого инвестиция салуу өлкөнүн азык-түлүк эгемендигин бекемдеп, экономикага оң таасирин тийгизет деп эсептейт.
Моник Элуа, Эл аралык эпизоотикалык бюросунун башкы мүдүрү:
- Менин оюмча, Казакстанда көптөгөн артыкчылыктар бар жана ветеринардык фармакологиядагы жеке сектор менен шарп илдетине каршы вакцинаны иштеп чыгуудагы өнөктөштүк Казакстанда малды коргоо үчүн абдан келечектүү болуп саналат. Бирок ал эмдөө программалары үчүн сапаттуу продуктуга муктаж болгон коңшу өлкөлөргө кызмат көрсөтүү үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков