Казакстанда атомдук электр станцияларын куруу боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлөт. Ал бардык дараметтүү жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени өлкөнүн Президентинин алдындагы Энергетикалык кеңеште кароо үчүн Өкмөт жетекчилигине өз сунуштарын даярдайт. Ошондой эле каржы-экономикалык, укуктук жана техникалык маселелер боюнча консультанттарды тартуу пландалууда.
Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
– Алдын ала кеңеш берүүлөр башталды. Кытай Эл Республикасында жана Кореяда жолугушуу сапарлар болуп өттү. Дараметтүү сатуучулардан алууну каалаган багыттар жөнүндө алдын-ала сүйлөшүп жатабыз. Алар жөнөкөй, бул электр энергиясынын баасы, курулуштун наркы, бюджеттин чегинде өз убагында бүтүрүү кепилдиги. Бул, биринчи кезекте, коопсуздук маселелери, бүтүндөй социалдык топтом, каржылоону камсыздоого, отун өндүрүүнү бөлүүгө байланышкан маселелер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков