Астанада «Бир алкак – бир жол» демилгесинин 10 жылдык жыйынтыгы чыгарылды

Астанада «Бир алкак – бир жол» демилгесинин 10 жылдык жыйынтыгы чыгарылды

Казакстан менен Кытай быйыл өз ара соода көлөмү боюнча жаңы рекордго жетишүүнү пландап жатышат. 7 айдын ичинде эле эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 22 миллиард доллардан ашыкты түздү. Муну менен катар 2023-жылдын аягына чейин тараптар бугу айында эки мамлекет башчылары белгилеген пландан ашып, казак-кытай соодасын 40 миллиард долларга жеткирет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн «Бир алкак, бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган форумда сөз болду. Иш-чарага саясатчылар, ишкерлер, тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. ШКУнун мурдагы башчысы Владимир Норов белгилегендей, отуз жылдын ичинде аймактын өлкөлөрү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода бир эле учурда жүз эсе өсүп, 70 миллиард доллардан ашты.

Владимир Норов, ШКУнун экс башкы катчысы, Өзбекстандын мурдагы Тышкы иштер министри:
-Борбордук Азия өлкөлөрү «Бир алкак, бир жол» демилгесин ийгиликтүү ишке ашырууда негизги ролду ойношот. Бул демилгени толук жүзөгө ашыруу үчүн алардын Кытай менен кызматташуусу маанилүү. Аталган мамлекеттер  олуттуу транзиттик дараметке ээ жана алардын географиялык жайгашуусу Кытай, Европа, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азиянын ортосундагы жеткирүү чынжырында маанилүү. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыгы үчүн Европаны, Орусияны жана Кытайды байланыштырган каттамдардагы негизги транспорттук түйүн болуп саналат.

152 мамлекет, 32 эл аралык уюм, 200дөн ашык кызматташуу документтери. Бир алкак, бир жол демилгеси чындыгында мамлекеттерди аны менен катар континенттерди бириктирет. Бул масштабдуу долбоордун алкагындагы оң натыйжа жана күчтүү мультипликативдик эффект анын бардык катышуучуларында сезилди. Анын ичинде албетте Казакстан дагы.

Айдар Амребаев, Саясий изилдөөлөр борборунун мүдүрү:
-Казакстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер түбөлүктүү стратегиялык өнөктөштүк мүнөзүндө – бул биздин мамлекеттер ортосундагы мамилелердин эң жогорку деңгээли. Бул убакыттын ичинде түрдүү тармактарда өнөр жай кооперациясынын негизи түзүлдү. Биз бир катар кызыктуу инвестициялык тагырагы 50дөн ашык долбоорлорду аныктадык. Бүгүнкү күндө аталган долбоорлордун жарымына жакыны ишке ашырылды же жүзөгө ашыруу баскычында турат. Бул, Шымкенттеги мунай иштетүүчү заводду реконструкциялоо же Актауда жаңы «Казбитум» ишканасын түзүү, жана башка бир катар ушундай ишканалар. Мындай мисалдар абдан көп, акыркы 10 жылда бир топ иштер жасалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков