Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Семей облусун калыбына келтирүү боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Документ эл аралык коомчулукту жабыр тарткан калкты дарылоо, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү жана республиканын аталган аймагынын экономикасын өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кошулууга чакырат. Белгилей кетсек, бул БУУнун Башкы Ассамблеясынын Семей облусуна арналган он биринчи резолюциясы. 85 мүчө-мамлекет резолюциянын тең авторлугуна кошулду. Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, кабыл алынган резолюция - калктын, өзгөчө жаш балдардын жана башка аялуу топтогу адамдардын өмүрү менен ден соолугуна ядролук сыноолордун узак мөөнөттүү тийгизген кесепеттерине байланыштуу эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун чагылдырат. Ошондой эле, документте Семей аймагынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ички ресурстарды бөлүштүрүүдө Казакстан өкмөтүнүн маанилүү ролу тууралуу айтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков