Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Алматыдагы борбор тогуз өлкөдө – Казакстан, Армения, Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда каржы институтунун ишин координациялайт. Штабдын иши компетенцияларды өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга, мамлекеттик башкаруу, акча-насыялык жана бюджеттик саясат, каржы секторун өнүктүрүү жаатында алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөө жана колдонууга багытталган. Белгилей кетсек, Казакстандын мегаполисинде ачылган борбордон тышкары ЭВФтин дүйнөдө дагы 16 кеңсеси бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков