Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн башкы прокурору Берик Асыловду кабыл алды. Президентке январь окуясын тергөө иштери баяндалды. Чет өлкөдөн келген активдерди кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да сөз болду. Кылмыш иштери боюнча фигуранттардын кылмыш жолу менен жыйнаган капиталынын чыгарып кетүүсүн аныктоо максатында алардын чек арадан мыйзамсыз өтүшүнө талдоо жүргүзүлүүдө. Президенттин жакында Казакстан элине кайрылуусунда берилген тапшырмалардын аткарылышы да талкууланды. Тактап айтканда, Башкы прокурордун Конституциялык сотко кайрылуу укугу боюнча Конституцияга өзгөртүүлөр даярдалып, «Прокуратура жөнүндө» жаңы Конституциялык мыйзамды иштеп чыгуу иштери башталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков