2023-жылдын үчтүн айынан тарта Казакстанда жеңилдетилген унааларды ижарага берүү программасы кайра иштей баштайт. Казакстандын Өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, револьвердик механизмине негизделген эки программанын алкагында чогулган каражаттын көлөмү 13 миллиард теңгеге жакын. Бул суммага 1300дөн кем эмес унаа насыяга берилээри пландалууда. Келечекте револьвер ыкмасы менен топтолгон каражаттарды ай сайын бөлүштүрүү көздөлүүдө. Белгилей кетсек, жаңы жылдан баштап бардык иштеп жаткан программалардын шарттары өз ара макулдашылат. Борборлоштурулган көзөмөлдү камсыз кылуу максатында программанын алкагындагы каражаттардын жалгыз оператору катары Өнүктүрүү банкын калтыруу каралып жатат. Учурда аны менен өнөр жайды өнүктүрүү фонду алектенүүдө. Эскерте кетсек, программанын шарттарына ылайык, үстөк пайызы 4%, насыянын суммасы 10 миллион теңгеден ашпайт, мөөнөтү жети жылга чейин жана алгачкы төлөм жок. Автоунаанын баасы 15 миллион теңгеге чейин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков