Мажилис аскердик-патриоттук тарбия берүү боюнча мыйзам долбоорун карады

Казакстанда аскердик-патриоттук тарбия берүү боюнча координациялык кеңеш түзүү пландалууда. Алар ата мекендик армиянын позитивдүү имиджин түзүү боюнча иштер менен алектенишет. Муну кинофильмдерди, адабий чыгармаларды жаратуу, ошондой эле телекөрсөтүү циклдерин жүргүзүү аркылуу жасашат. Мыйзам долбоорунун ушул жана башка түзөтүүлөрү Мажилистин депутаттары тарабынан биринчи окууда жактырылды. Дагы бир катар жаңычылдыктар кошумча билим берүү программаларына аскердик-патриоттук тарбия берүүнү, ошондой эле аскердик каттоону өркүндөтүүнү жана казакстандыктарды армияга чакырууну камтыйт. Жалпысынан, депутаттар кезектеги сержанттарды аскерге чакырылуучулардын катарына кошууну жана тиешелүү маалыматтык тутумдарда автоматтык режимде алар жөнүндө маалыматты актуалдаштырууну сунуш кылышты. Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасынын алкагында аскерге чакыруу боюнча бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөр каралууда.


Юлия Кучинская, Мажилис депутаты:

- Аскерге чакыруу боюнча аскердик кызматка өткөн, ошондой эле аскердик кызматты өтөө жөнүндө келишим түзгөн жарандар үчүн окутуу үчүн милдеттерди токтотуу; медициналык комиссияны өтөө мезгилинде аскерге чакырылууга тийиш болгон жарандар үчүн иштеген ордун жана ээлеген кызматын, иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо; кийинкиге калтыра берүүдөн баш тарткан жана аскердик кызматка чакырылган жарандарга билим берүү грантын сактоо, мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн билим берүү; аскердик кызмат өтөө мезгилинде аларды билим берүү уюмунан чыгаруу мүмкүндүгү кепилденет.

 

Мажилис билим берүү жана балдарды коргоо боюнча мыйзам долбоорун карады

Муну менен катар, Мажилис билим берүү жана балдарды коргоо маселелери боюнча дагы бир мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Алар Казакстанга кесиптик фостердик үй-бүлөлөр институтун киргизүүнү караштырууда. Камкорчулуктун жаңы формасын киргизүү оор кырдаалга кабылган балдарга алар үчүн ыңгайлуу шартта болууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, кесипкөй үй-бүлөлөр психологиялык билим алышат жана 4төн ашык баланы камкордукка ала алышпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков