Казакстанда Каспий тюлендерин чиптөө башталды

Казакстанда Каспий тюлендерин чиптөө башталды

Кызыл китепке кирген Каспий тюлендери чиптеле баштайт. Бул жаныбарлардын санын аныктоо үчүн зарыл. Ошол эле учурда ит балыктардын кыймылы, жашаган жери, дене температурасы, жада калса маанайы да көзөмөлдөнөт. Азыр өлкөнүн окумуштуулары эл аралык тажрыйбаны изилдеп жатышат. Негизинен деңиз жаныбарларын белгилөө демилгеси 3 жыл мурун көтөрүлгөн. Эми окумуштуулар тобу 2023-жылдын башына чейин Каспий деңизине экспедицияга чыгууну чечишти. Ал эми чиптер Сауд Аравиянын Техникалык изилдөө университети менен биргеликте жасалган.

Алтынай Кайдарова, Каспий тюлендерин изилдөө жана калыбына келтирүү борборунун башкы илимий кызматкери:

Бул сенсор графенден жасалган. Графен наноматериалдар арасында ар дайым жогорку суроо-талапка ээ. Бул көмүртектин калыңдыгы бир гана атом. Эң жука жана эң бышык нерсе. Тилекке каршы, ал кеңири колдонулбайт. Аны жасоо кыйын болгону менен эң эффективдүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков