Казакстандын куралдуу күчтөрү ата мекендик заманбап курал-жарак менен толукталат

Казакстандын куралдуу күчтөрү ата мекендик заманбап курал-жарак менен толукталат

Казакстан аскердик доктринаны кайра карап чыгуунун үстүндө иштеп жатат. Чаралар комплекси куралдуу күчтөрдүн курамын, армияны башкаруу менен даярдоо системасын жакшыртууга, аскердик билимди жана илимди өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов билдирди. Мындан тышкары, республиканын аскердик арсеналы заманбап ата мекендик куралдар менен толукталат.

Султан Камалетдинов, Коргоо министринин орун басары, генерал-лейтенант:

- Тизмеде ата мекендик ишканалардын өнүмдөрүнө артыкчылык берилет. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу, баалардын оптималдуу катышы, курал-жарактарды жана техниканы колдонууда сапат жана эффективдүүлүк, өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу жана ага жараша мамлекеттик коргонуу буйрутмасын өз убагында аткаруу негизги критерийлер болуп саналат. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги бул багытта системалуу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Коргоо министрлиги куралдын жана аскердик техниканын заманбап түрлөрүн өнүктүрүү боюнча илимий-изилдөө иштерин каржылоону көбөйтүүгө кызыктар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков