Бул суроого жооптуу Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кабарлады. Саясий өнөктүккө байланыштуу казакстандыктардын пикирин билүүгө бул тармакта беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар юридикалык жактар укуктуу. Алар тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө жана Борбордук шайлоо комиссиясына алдын ала жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн билдирүүдө сурамжылоого катышкан жана бул жаатта иш тажрыйбасы бар серепчилер, коомдук пикирге сурамжылоо жүргүзүлө турган региондор менен колдонулган талдоо ыкмалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Сурамжылоонун натыйжаларын жарыялаган кезде жалпыга маалымдоо каражаттары жана онлайн платформалар сурамжылоо жүргүзгөн юридикалык жакты, буйрутма берген жана анын акысын төлөгөн жактарды, сурамжылоо жүргүзүү убактысын, маалымат чогултуу ыкмасын, суроонун конкреттүү концепциясын, сурамжылоого катышкандардын саны менен анын жыйынтыктарынын каталык коэффициентин көрсөтүүгө милдеттүү. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыктарынын так болжолу шайлоого беш күн калганда жана добуш берүү күнү, тагырагы жалган куран айынын 19да жарыяланууга тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков