Казакстанда биринчи жолу балдарды экологиялык маданиятка тарбиялаган мультсериал казак тилинде жарык көрдү. Жети бөлүмдөн турган анимациялык видео чыгарылыштын башкы каарманы жаш кезинен тартып жаратылышты коргоо, жаныбарлар, канаттуулар менен өсүмдүктөр сыяктуу тирүү организмдерге кам көрүүгө ынтызар болот. Сериалда планетанын булганышы, жаратылыш ресурстарынын азайышы сыяктуу дүйнөлүк маанидеги темалар балдарга түшүнүктүү тилде кызыктуу берилген. Башкача айтканда, карапайым калк үчүн жалпы экосистеманы сактоонун жөнөкөй ыкмалары келтирилген. Жаш көрүүчүлөр үчүн маалыматтык жана тарбиялык чыгарманы социалдык тармактардан табууга болот.
Айдана Күлбатырова, Казакстандын коомдук өнүктүрүү институтунун RUH.KZ порталынын продюсери:
- Анда абанын булганышы, жалпы эле сууну үнөмдүү пайдалануу жана таштандынын зыяны, ошону менен бирге желим калдыктардын зыяны сыяктуу бир нече темалар козголгон. Келечекте ушундай видео-роликтерди тартып, кеңейтип, андан ары көркүнө келтирип, балдарга таанытуу сыяктуу нерселерди эске алабыз. Мындай долбоорлор алдыдагы убакытта көбөйүп популярдуу болот деп айта алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков