Италияда ата мекендик дизайнерлер жана зергерлер өз өнөрлөрүн жалпы коомчулукка сунушташты. Италиялык дизайнерлердин пикири боюнча, эң негизгиси, сүрөтчүлөр өз коллекцияларындагы жаркын образдар аркылуу Улуу Талаа өлкөсүнүн өзгөчөлүгүн жана кооздугун жеткире алышкан. Коомчулук назарына заманбап үлгүдөгү аялдардын костюмдары жана эркектердин чапандары көрсөтүлдү - деп маалымдайт Казакстандын Италиядагы элчилиги. Мындан тышкары, кыздын салттуу үлпөт көйнөгү жана улуттук оюм-чийим менен жасалган сөйкө, билерик сыяктуу аялдардын ар кандай зер буюмдары сунушталды. Ошондой эле коноктор көчмөндөрдүн эң көп колдонгон материалы болгон кийизден жасалган килемдерди жана башка буюмдарды көрүштү. Мода көрсөтүү концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Которгон: Илгиз Жамлабеков