Казакстан менен Түштүк Корея атом энергетикасы тармагындагы кызматташтыгын кеңейтет

Казакстан менен Түштүк Корея атом энергетикасы тармагындагы кызматташтыгын кеңейтет

Казакстан менен Түштүк Корея атомдук энергетиканы өнүктүрүүдө кызматташууга ниеттенүүдө. Эки тарап меморандумга кол коюшту. Энергетика вице-министри Жандос Нурмаганбетов баштаган казак делегациясы Түштүк Кореянын соода министрлигинин, өлкөнүн Атомдук энергия боюнча корпорациясынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Иш сапардын алкагында казакстандык адистер Түштүк Кореянын атомдук электр станцияларында болуп, реакторлордун иши менен таанышат. Бүгүнкү күндө Бириккен Араб Эмираттарында атомдук электр станциялары кореялык технология менен курулган. Казакстан азыркы мезгилде  мындай атомдук электр станцияларын куруу боюнча Чехия, Польша, Нидерланды жана Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Нам Ё Сик, Корея атом энергиясы корпорациясынын  президенти:

- Кореяда 24 энергоблок бар. Мындан тышкары дагы төртөө курулууда. Бириккен Араб Эмираттарында мерчемделген 4 энергоблоктун экөө коммерциялык ишке киргизилди. Биз Казакстан менен көп тармакта кызматташа алабыз. Биринчиден, атомдук электр станциясын иштетүү тармагында. Ошондой эле инфраструктураны куруп, адам ресурстарын даярдай алабыз. Меморандум атомдук электр станциялары боюнча жемиштүү кызматташууга жол ачат деп ишенем.

Жандос Нурмаганбетов, Казакстандын энергетика вице-министри:

- Ар бир мамлекет эң ыңгайлуу шарттарды, эң мыкты технологияны, эң жакшы курулуш шарттарын, эң арзан бааларды тандагысы келет. Казакстан бул принципти карманат. Учурда бир нече өнөктөштөр менен иштешип жатабыз. Росатом тобу өлкөдө жигердүү иштейт. Франциянын EDF тобу бар. Келечекте модулдук реакторлор каралат. Биз Корея тарап бул ишти активдештирүүсүн каалайбыз. Корей технологиясы менен станция курууну абдан олуттуу деңгээлде карайт элек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков