Мамлекеттен компенсация алган ишкерлер салык төлөшпөйт

Мамлекеттен компенсация алган ишкерлер салык төлөшпөйт

Мамлекеттен компенсация алган казакстандык ишкерлер киреше салыгын төлөөдөн бошотулат. Кеп январь окуясында чыгымга учурагандар жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Башкача айтканда, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү өзгөчө кырдаал режими учурунда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн мамлекеттик казынадан алган сумманы жылдык жалпы кирешесинен чыгарып салууга укуктуу. Эгерде субъект акимчилик тарабынан түзүлгөн комиссиянын реестринде болуп, тиешелүү чечим болгондо гана оңдоо киргизилиши мүмкүн. Өз кезегинде ишкерлер салык декларациясында бардык компенсациялык төлөмдөрдү чагылдырууга милдеттүү.

Айнур Сартаева, каржы министрлигинин мамлекеттик киреше комитети бөлүмүнүн башчысынын орун басары:

- Мындан тышкары, эгерде чакан орто ишкердик субъекти комиссиянын чечими боюнча өзгөчө кырдаал режими учурунда товарлардын бузулушуна же жоголушуна байланыштуу мүлктүк зыяндын ордун толтуруу үчүн акча алса, анда мурда чегерилген кошумча нарк салыгынын суммасын ушундай товарлар түзөт. Төлөөчү мындай оңдоону кошумча нарк салыгы боюнча декларацияда сөзсүз түрдө көрсөтүшү керек.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков