Щучинск-Бурабай курорттук аймагын өнүктүрүү дарамети

Щучинск-Бурабай курорттук аймагын өнүктүрүү дарамети

Туристтик инфраструктура, транспорт логистикасы жана санариптик чечимдер менен коопсуздукту өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу. Казакстанда Щучинск-Бурабай курорттук аймагынын туризмин өнүктүрүүнүн 2029-жылга чейинки комплекстүү планы бекитилди. Буга багытталган документте жалпы суммасы 137 млрд теңгеге бааланган 118 иш-чара камтылган. Анда эс алуу жайын жаңылоо көздөлгөн. Анын ичинде жыл бою иштеген туристтик объекттерди куруу, экологиялык жана спорттук туризмди өнүктүрүү, жаңы рекреациялык зоналарды куруу мерчемделген. Бул жерде балдар борборлорун, спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекстерин жана жыл бою аквапарктарды, кемпингдерди, глемпингдерди, кайыктар үчүн токтоочу жайларды жана эс алууга көмөктөшүүчү башка объекттерди уюштуруу каралган. Кышкы эс алуунун түрлөрүн өнүктүрүү кеңири пландаштырылган. Алардын арасында лыжа өзгөчө суроо-талапка ээ. Спорттук шаймандарды ижарага алуу, тамактануу орду жана азем белектер дүкөндөрү менен чаңгы базасын уюштуруу көздөлүүдө. Транспорттук инфраструктурасы, сапар-борборлору жана тамактануу пункттары бар көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар курулат. Планды ишке ашыруу келген туристтердин санын үч эсеге көбөйтүп, кошумча инвестициялар агымын тартат. Ошондой эле, аймак экономикасындагы туризмдин үлүшүн эселеп арттырат деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков