Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
- Атап айтканда, Катарда иштеген казакстандыктардын жол киреси жана турак жай чыгымдары чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт. Жумуш берүүчүгө ошондой эле өргүү жана медициналык кызматтар менен камсыз кылуу милдети жүктөлөт. Жалпысынан алганда, бул мыйзам Катарда иштеген жарандарыбыздын укуктарын коргоого маанилүү салым кошот деп ишенебиз.
Ошол эле учурда, бүгүн Сенат минималдуу эмгек акы жөнүндөгү конвенцияны ратификациялоону да жактырды – ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алат. Эми аны эсептөөдө мамлекет кызматкерлердин чыныгы муктаждыктарын эске алууга милдеттүү болот. Анын ичинде - жашоо деңгээли, азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы. Мындан тышкары, минималдуу эмгек акыны аныктоо процессине өкмөт гана эмес, кызматкерлер жана иш берүүчүлөр да катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

