Казакстанда дизель майы тартыш. Күйүүчү майдын жетишсиздигине таасир эткен факторлорду өкмөт башчынын буйругу менен атайын түзүлгөн комиссия аныктады. Ошентип, негизги себептердин бири чет элдик транзиттик жүк ташуучу унаалардын күйүүчү майды көп өлчөмдө керектөөсү экендиги белгилүү болду. Экинчи себеп, баанын олуттуу айырмачылыгынан улам Казакстандан дизелдик отундун коңшу өлкөлөргө жөнөтүлүшү. Маселен, анын бир литри 230-260 теңге болсо, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусиядагы май куюучу жайларда 440 теңгеге чейин жетет. Мындан тышкары, атамекендик мунай базалары май куюучу жайларга дизель майын чекене баадан кымбат сатышкан. Бул аймактарда корлордун азайышына алып келди. Кырдаалды турукташтыруу үчүн өкмөт тез арада жана узак мөөнөттүү бир катар чараларды кабыл алды. Алардын катарында өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, кошумча дизелдик отун ташуу боюнча макулдашуу, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун иштөөсүнүн жаңы схемасына этап этабы менен өтүү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков