Жалпы элдик добуш берүү «угуучу мамлекет» концепциясынын ишке ашышы, анда ар бир казакстандыктын чечими маанилүү. Президенттин АЭС куруу маселеси боюнча республикалык референдум өткөрүү демилгесинин маанилүүлүгүн Сенаттын спикери Маулен Ашимбаев Алматы облусунун жашоочулары менен жолугушууда баса белгиледи. Бул аймакка атомдук электр станциясынын курулушун колдоо боюнча элдик штабдын мүчөлөрү келишти. Делегациянын курамына депутаттар, эксперттер жана коомдук ишмерлер кирди. Алар Green Land Alatau күнөсканасына барып, ата мекендик ишканаларды энергия менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Казакстандын энергетика тармагы көмүр электр станцияларынан көз каранды экени белгиленди. Ал эми алардын эскириши 70%ды түзөт. Катышуучулар өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн ишенимдүү жана коопсуз энергия булагы керек деген пикирге келишти. Иш сапардын алкагында штаб мүчөлөрү Капшагай ГЭСине барып, адистер менен Казакстандагы энергетика тармагын өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Которгон: Назира Бегалиева