Мындай мол түшүмгө дыйкандардын себүү иштерин өз убагында бүтүрүүсүнөн жана синоптиктердин аба ырайынын жагымдуу болжолдоосунан улам жетишүүгө болот. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри билдирди. Ербол Карашукеевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жазгы айдап-себүү иштери аяктады. Талаа иштери бир гана Улытау аймагында жүргүзүлүүдө. Себеби, бул аймакта жаан-чачынга байланыштуу айдоо иштери кечеңдеп, бирок жуманын аягына чейин бардык иштер аякталат. Жалпысынан быйыл айдоо аянты 23,4 миллион гектарды түздү.
Ербол Карашукеев, айыл чарба министри:
- Жеке эгиндерге токтоло кетсем. Кылкандуу дан эгендери 15,6 миллион гектар жерге себилди, себүү толук аяктады. Май өсүмдүктөрүнүн талаасы боюнча план 3,3 миллион гектарды түздү, жумуштар 3,3 миллион гектарга кем аткарылган же пландын 97,4%ы аяктады. Былтыркыга салыштырмалуу май өсүмдүктөрүнүн аянты Түндүк Казакстан облусунда 50 миң гектарга, ошондой эле Акмола облусунда 17,4 миң гектарга жана Абай районунда 12,4 миң гектарга көбөйтүлдү.
ӨКМ: суу объектилериндеги коопсуздукту камсыз кылуу максатында инновациялык технологиялар киргизилүүдө
Сууга түшүү мезгилинин ачылышына байланыштуу дагы бир актуалдуу көйгөй жаралууда. Бүгүн Өкмөт суу объектилериндеги коопсуздукту камсыздоо маселесине көп көңүл бурду. Жыйында сөз сүйлөгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Юрий Ильиндин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн айрым аймактарында заманбап инновациялык технологиялар пайдаланууга берилүүдө. Мисалы, дрондор Алматынын пляждарын күзөтүүдө колдонулат. Актөбө облусунда патрулдук маршруттарды түзүү жана көзөмөлдөө үчүн программалык камсыздоо ишке киргизилди.
Юрий Ильин, Өзгөчө кырдаалдар министри:
- Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен биргеликте интерактивдүү картаны, анын ичинде карталарда сууга түшүүгө уруксат берилген жана тыюу салынган жерлерди жаңылоо боюнча иш алып барууда. Жарандардын жалпы пайдалануудагы суу объектилериндеги коопсуздугу үчүн жергиликтүү аткаруу органдары массалык эс алуу жайларынын суу объектилеринде коопсуздук эрежелеринин талаптарын 100% сактоону, сууга түшүүгө тыюу салынган бардык жерлерде тыюу салуу белгилерин орнотууну камсыз кылууга тийиш.
Юрий Ильин бул үчүн уруксат берилген жерлерде гана сууга түшүүнү эскертти. Бүгүнкү күндө өлкөдө 487 сууга түшүүчү жай бар. Алардын 307си куткаруу станциялары жана керектүү шаймандар менен камсыздалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков