Казакстандын балы Европа Биримдигине экспорттолот. Өлкө расмий түрдө өнүмдүн
бул түрүн эски континент базарына жеткирүүгө уруксат алды. Белгилей кетсек, бул
айыл чарба министрлигинин көп жылдык ишинин натыйжасы. Мында Евро Биримдиктин
талаптарына ылайык балдагы калдык заттардын мониторингинин улуттук планы
иштелип чыгып, бекитилди. Муну менен катар, атамекендик балчылардын иши
европалык стандарттарга жооп берээрине байланыштуу кесипкөй кеңештер менен текшерүүлөр
жүргүзүлдү.
Кызгалдак Жубатканов, Айыл чарба министрлигинин ветеринариялык көзөмөлдөө комитети башкармасынын жетекчиси:
- Жалпысынан, ушул жарыялоо боюнча Европа комиссия токтомунун 2-беренесине ылайык, бул чечим Европа Бирлигинин расмий журналында 21 күндөн кийин жарыяланат. Ушул себептен аймактык инспекцияда жайгашкан ветеринардык комитеттин инспекциялары кызыкдар ишкерлердин тизмесин чогултуп, ар бир ишкерди Европа бирлигинин талаптарына ылайык текшерип, баарынын тизмесин комитетке жөнөтүшөт. Биз өз тарабыбыздан бардык тизмелерди Евросоюз системасына киргизип, бул ишкерлерди ошол базага киргизебиз.
Маргулан Баймухан, Казакстандагы
Белгиядагы элчиси:
- Албетте,
Европа Бирлиги дүйнөдөгү эң ири бал өндүрүүчүлөрдүн бири. Алар Кытайдан кийинки
экинчи орунда турат. Жылына 280 миң тоннага жакын бал өндүрүп, дүйнөлүк
рыноктун 14% камсыз кылат. Бирок, өндүрүштүн көлөмүнө карабастан, эски
континент суроо-талаптын 63% гана толтура алат. Демек, бул казакстандык өнүм
үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган чоң рынок деген сөз. Менин оюмча,
казакстандык балдын сапаты бул рынокто өз ордун ээлей алат деп ишенем.
Белгилей кетсек, Казакстан Сауд Арабиясына, Канадага, Германияга, АКШга, Кытайга, Өзбекстанга, Орусияга бал экспорттоону колго алган. Бул жаатта ата мекендик пайдалуу өнүм өндүрүшүнүн дээрлик жарымы Чыгыш Казакстан облусуна туура келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

