Казакстанга жылдын аягына чейин кеминде 18,5 триллион теңге тартуу керек

Казакстанга жылдын аягына чейин кеминде 18,5 триллион теңге тартуу керек

Казакстан жыл аягына чейин негизги капиталга кеминде 18,5 триллион теңге инвестиция тартуусу керек. Премьер-министр Алихан Смаилов инвестициялык штабдын жыйынында өкмөттүн жана аймактардын алдына коюлган тапшырмалар тууралуу айтты. Жалпысынан 8 айдын ичинде республика боюнча капиталдык салымдардын көлөмү 9 жарым триллион теңгеден ашты. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 12%дан бир аз көбүрөөк болгон. Каражаттын басымдуу бөлүгү тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайына, кыймылсыз мүлк секторуна, транспорт жана кампа тармагына тартылган. Жолугушууда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси да талкууланды. Алардын арасында биотехнологиялык дарыларды жана тамак-аш азыктарын чыгаруучу заводдор бар. Өлкөгө ири бизнести тартуу үчүн министрлер кабинетинин башчысы «Kazakh Invest» компаниясынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана башка чет өлкөлүк мекемелердин ишин активдештирүү, ошондой эле министрликтердин жана акимчиликтердин деңгээлинде керектүү чечимдерди ыкчам кабыл алууну тапшырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков