Казакстан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Студенттерге эми окуу акысын төлөө үчүн жылдык 2-3% менен узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүүнү көздөшүүдө. Алар үчүн турак-жай маселеси да МЖӨ (мамлекеттик жеке өнөктөштүк) механизмин колдонуу менен бул ишке ата мекендик курулуш компанияларын тартуу аркылуу чечилет. Бул тууралуу өкмөттө илим жана жогорку билим берүү министри билдирди. Жыйында 2022-2026-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы сунушталды. Анда бир катар көйгөйлөрдү чечүү каралган. Буга мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, ошондой эле университеттерди акылдуу университеттердин моделине өткөрүү кирет. Мындан тышкары, Казакстан бир катар чет элдик университеттердин филиалдарын ачууну, ошондой эле Борбордук Азиянын бирдиктүү жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча иштерди улантууну пландоодо деп кошумчалады ведомства башчысы.
Саясат Нурбек, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри:
Өнөктөштөр менен биргеликте Казакстандын платформасында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча бюро түзүү маселеси иштелип чыгууда. Жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүүнү интернационалдаштыруу боюнча бардык демилгелер Казакстандын “Интеллектуалдык Жибек жолу” эл аралык демилгесинин негизин түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков