Казакстандын шаарларын эффективдүү өнүктүрүү үчүн облусттук борборлордо шаар куруу кеңселери ачылат. Анын курамы тармактын квалификациялуу адистеринен түзүлөт. Маселен, Алматыдагы кеңсе баш оона айынын 1нен тарта ишин баштайт. Бул тууралуу Украина Илимдер академиясынын борбордук комитети өткөргөн брифингде Казакстандын Архитекторлор бирлигинин президенти Серик Султангали билдирди. Анын айтымында, республиканын архитектура жана курулуш тармагындагы боштуктарды акимчиликтердин алдында түзүлгөн аппарат аркылуу жөнгө салууга болот.
Алматы шаарынын курулушу компетенттүү пландаштыруунун жоктугунан инфраструктурага зыян келип жатканын мисал келтирди. Мөөр курулуш шылтоосу менен аянтчалар, унаа токтотуучу жайлар сүрүлүп кеткен. Архитекторлор ушул сыяктуу эгемендиктин отуз жылында ата мекендик архитектура тармагында көтөрүлгөн маселелерди тизмектеп, президентке жөнөтүштү.
Серик Султангали, Казакстан архитекторлор бирлигинин президенти:
- Алматыда шаар курулушунун кеңсеси бар. Эми анын ишин башка аймактарда баштайбыз. Өзгөчө Кызылорда, Шымкент, Тараз, Петропавловск, Павлодар шаарларында көйгөйлөр көп. Эң негизгиси бул кеңселерге сөзсүз түрдө Казакстандын архитекторлор союзунун мүчөлөрү катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков