Каңгүй доорунун артефакттары

Каңгүй доорунун артефакттары

Археологдор Күлтөбө шаарчасынан байыркы жазуу борборун табышты. Окумуштуулардын айтымында, жазуусу бар карапа заттардын эки миң жылдан ашуун тарыхы бар. Муну менен катар, алгачкы жолу жер астынан табылган жазма экспонаттардан арамей тилинде толук текстин окууга болот. Бул байыркы Чыгыш Иран тили диалектилеринин бирине таандык. Жазуулар кирпичке чегилип жазылган, андан кийин ал күйгүзүлүп, өз максатына ылайык колдонулган. Бул карапа таблицалар дүйнө жүзүндөгү көрүнүктүү палеолингвисттерди кызыктырып жатат.

Александр Подушкин, ОКМПУ профессору:

- Дүйнөнүн бардык мамлекетинде эле жазма маданияты калыптанган эмес. Ар бир өлкө жазма тарыхы бар экенине сыймыктанат. Бирок карапалык кыш – таблица түрүндөгү мындай өнөр түрү сейрек кездешет. Бул жерде Самарканд, Бухара, Кеш, Карши, Шаш сыяктуу ири борборлорго байланыштуу окуялар жазылган. Ошондой эле шаардын пайда болушу жана жайгашкан жери жөнүндө маалымат бар. Эң негизгиси чатырлар же көчмөндөр жашагандыгы көрсөтүлгөн. Алар отурукташкан айыл чарбачылыгынын адамдары болушкан.

Аны менен катар, казуу иштери учурунда археологдор көчмөн жоокердин жебеси, карапа идиштери жана зер буюмдар сыяктуу башка да уникалдуу экспонаттарды табышкан. Окумуштуулар табылган заттар Каңгүй мамлекети жөнүндө бир нече баалуу маалыматтарды ачып берет деп ишенишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков