Касым-Жомарт
Токаев Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Көз карандысыздык күнү менен
куттуктады. Казакстандын президенти Ак үй башчысына телеграмма жөнөттү. Анда ал
бул маанилүү күн америка элинин туруктуулугун жана күчүн, анын эркиндик
принциптерине жана демократиялык баалуулуктарга болгон берилгендигин
символдоштураарын баса белгиледи. Мамлекет башчысы АКШ менен эки тараптуу
стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын дагы бир жолу
ырастады.
Кототргон: Назира Бегалиева

