ӨКМ жетекчиси тоолуу туристтик маршруттарга электрондук макулдашуу киргизүүнү сунуштады

ӨКМ жетекчиси тоолуу туристтик маршруттарга электрондук макулдашуу киргизүүнү сунуштады

Тоого барган туристтер маршруттарын Алматынын куткаруучулары менен макулдашууга милдеттендирилиши мүмкүн. Мындай сунушту Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин демилгелеген. ӨКМ жетекчиси билдиргендей, климаттык өзгөчөлүктөргө байланыштуу Алматы аймагында ар түрдүү табигый кырсыктар катталууда. Мисалы катары анын тоолуу аймактарындагы кар көчкүлөргө байланышкан учурларды эске салды. 

«Биз бардык туристтик топторго багыттарын Алматынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен макулдашып жана билдирүүгө милдеттендирген өзгөртүүлөрдү мыйзамга киргизүү боюнча демилге көтөргүбүз келет. Туризмди өнүктүрүү боюнча фронт-офистин түзүлгөнүн эске алуу менен Республикалык ыкчам-сактоо отряды менен бирге туристтик маршруттарды каттоонун электрондук версиясын ишке киргизүү керек. Бул топтордун кыймылына байкоо салууга мүмкүндүк берет», - дейт ӨКМ башчысы.

 

Которгон: Субанбек Исмакеев