Бүгүндөн тарта Казакстандын картасында расмий түрдө үч жаңы аймак пайда болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин бугу айынын үчүндөгү жарлыгына ылайык, алар Абай, Улытау жана Жетису облустары. Документ бүгүн кулжа айынын 8де күчүнө кирди.
Жаңы аймактардын бири Улытауга 3 шаар жана 2 район кирет. Борбору — Жезказган шаары. Калкы 200 миңден ашат. Азыркы учурда инфраструктура жана жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, мамлекеттик органдарды жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Планга ылайык облустук акимчилик жакынкы 3 жылда мурдагы шаардык акимчиликтин имаратына көчөт. Быйыл долбоордук-сметалык документация түзүлсө, жакынкы 3 жылда план аткарылат.
Нуржан Орынбаев, мамлекеттик органдарды жайгаштыруу боюнча комиссиянын төрагасы:
- Жаңы шаардын администрациясы Жезказгандын батышында жайгашат. Ал жерге 7 имарат куруу көздөлүүдө. Ошондой эле, Жезказган шаарына көчүп бара турган мамлекеттик кызматкерлерге 162 миң чарчы метр турак-жай салуу керек. Буга кошумча 31 миллиард теңге суммасында инженердик инфраструктураны тартуу зарыл.
Ошондой эле, Чыгыш Казакстан облусу бүгүнтөн тарта Семей облусусуз өнүгөт. Жаңы түзүлгөн облустун курамына Семей, Курчатов шаарлары жана 8 район кирет. Ал эми Чыгыш Казакстан облусуна Өскемен жана Риддер шаарлары, 9 район карайт. Ошентип, мурда бир жерден башкарылган эки аймак эми өз энчи аттарын алып, чек арасын деморкациялап, кошуна облуска айланды. Абай облусунун аймагына жай мезгилинде миллиондон ашык турист эс алган Алакөл, Актогай, Бакырчык, Жезкент кендери кирет.
Даниал Ахметов, Чыгыш Казакстан облусунун акими:
- 2015-жылдан бери облуста өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5 эсеге өскөн. Башкача айтканда, 184 миллиард теңгеден азыр 898 миллиард теңгеге жетти. Анын үстүнө Абай районунун аймагында Актогай, Бакырчык, Алакөл сыяктуу ири кендердин болушу облустун экономикасын көтөрөөрү шексиз.
Алматы облусунан бөлүнүп чыккан Жетисуу облусуна 8 район жана Талдыкорган, Текели шаарлары кирди. Райондун борбору Талдыкорган шаары. Ошондой эле, жарлыкка ылайык Алматы облусунун борбору Кунаев шаары болду.