Казакстанга келген чет элдик коноктор үчүн жаңы туристтик төлөм киргизилет. Анын жоболору өкмөттүн токтому менен бекитилди. Тиешелүү документке ылайык, шаарлардагы жана райондордогу жатаканалар, мейманканалар, ижарага алынган турак жайлардан башка туристтерди жайгаштыруу жайларында болгон ар бир күн үчүн төлөм алынат. Чет жактан келген жарандарга салынган төлөм түрү жашоо наркына кирбейт. Туристтик төлөм келерки жылдын үчтүн айынын 1нен бештин айынын 31ин кошо алганда 0% түзөт. Ал эми 2023-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта анын көлөмү 5%дан ашпашы керек. Анын суммасы өткөн календардык жылдын учурдагы статистикасынын негизинде эсептелет. Турист өлкөдө бир суткага жетпеген убакыт болсо да, алым толугу менен кайтарылып берилет. Саякатчынын акысын операторлор жашаган жеринде катталган учурда төлөйт. Эске салсак, жарлык келерки жылдын үчтүн айынын 1нен тарта күчүнө кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков