Казакстанда быйыл 370тен ашуун педагог республикалык кадрлар резервине өттү. Алар "билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн 1000 лидери" долбоорунун алкагында 13 миңден ашуун мугалимдин арасынан тандалып алынган. Өткөн жылы башталган программага мектеп мудүрлөрүнүн орун басарлары катышса, бул жолу бардык өлкөлөрдүн мугалимдерине кадр резервине өтүүгө мүмкүнчүлүк жасалып жатат. Ага тандоо 4 этап боюнча жүргүзүлөт. Талапкерлер алгач компетенттүүлүктү баалоо үчүн тестирлөөдөн өтөт. Кийинчерээк эл аралык тажрыйбанын негизинде атайын окутууга жиберилет. Андан кийин ал өлкөнүн алдыңкы мектептеринде такшалмадан өтүшү керек. Жыйынтыктоочу баалоодо атайын комиссия менен аңгемелешүү өткөрүлөт. Бул сынактан мүдүрүлбөгөндөр сынактан тышкары мектеп мүдүрү кызматына дайындалуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Белгилей кетсек, өткөн жылы өзгөчө тизмеге кирген 200дөн ашуун лидердин 170и учурда мектептерди жетектейт.
Каныбек Жумашев, Окуу-агартуу министрлиги орто билим берүү комитетинин төрагасы:
- Жаңы окууу ыкмалары менен креативдүү жана критикалык ой жүгүртүү теориясы менен толук куралданган, ошондой эле билим берүү уюмдарында адилеттүүлүк, чынчылдык принциптерин, жакшы баарлашуу түзүүгө көнүп, үйрөнүп чыккан бул лидерлер балдар менен мамиле тузүүдө жамааттагы атмосфера, ата-энелер жана бейөкмөт уюмдар менен карым-катнаш түзгөн кезде абдан жогору натыйжалуу кызмат аткарат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

