2030-жылга чейин Арал деңизи Бириккен Улуттар Уюмунун катуу көзөмөлүндө болот. Деңиздин тартылган жери чөлгө айланып, калктын ден-соолугуна терс таасирин тийгизе турган экологиялык апаатка кептелди. Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун «Эко-Өнүктүрүү» Программасынын алкагында бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. Башкача айтканда, сөксөөл көчөттөрүн отургузуп, эко-долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Уюмдун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын аймактык кеңсесинин башчысы Айдай Курманова билдирди.
Буга кошумча, быйыл айыл тургундарына биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн 275 миллион теңге насыя берилет. Каржылоо жергиликтүү тургундарга экологиялык бизнестин түрлөрүн, анын ичинде экотуризмди, балык чарбасын, токой чарбасын ачууга же өнүктүрүүдө колдоого багытталат.
Белгилей кетсек, долбоордун колдоосу менен Казакстанда 8 өзгөчө корголуучу аймак түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков