Казакстан эс алууга ыңгайлуу ТОП-10 мамлекеттин катарына кирди

Казакстан эс алууга ыңгайлуу ТОП-10 мамлекеттин катарына кирди

Рейтингди белгилүү curly tales сайты жасады. Белгилей кетсек, платформа тамак-аш, саякат, жашоо образы сыяктуу азыркы замандагы көчмөндөрдүн темасына арналган. Рейтингдин авторлору туристтерге Шарын капчыгайына барып, анын кооздугун көрүүнү сунушташат. Ошондой эле, Казакстандан тышкары Бюджеттик багыттардын тизмесине Түркия, Грузия, Египет, Вьетнам, Лаос, Кения сыяктуу өлкөлөр да кирген.

Эске сала кетсек, буга чейин британиялык саякатчылар журналы да өлкөдөгү саякаттын негизги багыттары тууралуу макала жазган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков