Бул максатта республикада комплекстүү беш жылдык план бекитилди. Аны ишке ашыруу быйыл башталып, жалпысынан 33 иш-чара пландаштырылган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин кеңейтилген жыйынында мекеменин башчысынын орун басары Рустем Курманов билдирди. Анын айтымында, инвестиция тартуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул иш агроөнөр жай комплексинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жол карталарына кол коюлган бардык аймактарда жүргүзүлүүдө. Маселен, өткөн жылы 270 объект пайдаланууга берилген. Алардын жалпы суммасы 240 миллиард теңгеден ашат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагынын негизги капиталына инвестициянын көлөмү дээрлик 7%га өсүп, 853,5 миллиард теңгени түздү.
Рустем Курманов, Казакстандын айыл чарба вице-министри:
- Түндүк Казакстан облусунун агроөнөр жай комплексиндеги ири жана жогорку өндүрүмдүү инвестициялык долбоорлорду Социалдык-ишкердик корпорация аркылуу каржылоо боюнча оң тажрыйбасына өзүнчө токтолгум келет. Бул механизмдин аркасында 2 жылдын ичинде Түндүк Казакстанда 21 сүт-товар фермасы курулду. Натыйжада 648 миң тоннага жакын сүт же республика боюнча бардык сүттүн 10,3 пайызы Түндүк Казакстан облусуна туура келет. Башкача айтканда, Түндүк Казакстан сүт өндүрүүдө олуттуу секирик жасады. Эгерде биз керектүү товарларды индустриалдык өндүрүү боюнча аталган тажрыйбаны колдонсок, анда бизде ички рынокту сүт азыктары, канаттуулардын эти, сезондук жашылча жана жемиштер менен камсыз кылууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Министрлик Казакстан өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу рейтингинде дароо 9 позицияга көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Дүйнөдөгү 113 өлкөнүн ичинен өлкө 32-орунга жайгашкан. Айта кетсек, бул рейтинг каржылык жеткиликтүүлүк, өнүмдүн сапаты, коопсуздугу жана башка ушул сыяктуу көрсөткүчтөрдү баалайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков