Улуттук салтты даңазалаган жайкы лагерь

Улуттук салтты даңазалаган жайкы лагерь

Маңгыстаулык окуучулар быйыл жайында аймактын тарыхы жана казак калкынын салт-санаасы, үрп-адаты менен жакындан тааныша алышат.  Бул үчүн атайын тематикалык эс алуу жайлары түзүлгөн. Алардын бири Актау шаарынан 20 чакырым алыстыкта ​​ачылган. Анда балдар прикладдык искусствонун негиздерин, домбра черткенди, ат мингенди гана үйрөнбөстөн, улуттук оюндар менен да таанышышат. Маселен, өспүрүмдөр тогуз коргоол боюнча мелдештерге катышат. Балдарга жумасына бир нече жолу интеллектуалдык оюндардын эрежелери үйрөтүлөт.

Каусар Сисенбаева, окуучу:

- Этнолагер ачылгандан бери катышып келем. Биз көп нерсени үйрөнүп жатабыз. Мисалы, бүгүн ушундай таажы токуганды үйрөндүк.

Нураскан Серик, окуучу:

- Мага бул лагерь жакты, биринчи жолу катышып жатам. Домбра черткенди анан ырдаганды үйрөндүм.

Айбаршын Өтесбаева, Түпкараган райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

- Районубуздун 3 мектебинде этношаарчалар болот. Мындан тышкары М.Горький атындагы мектеп-лицейинде туристтик лагерь уюштурулууда. Анын өзгөчөлүгү  райондун борбору Форт-Шевченко шаарынан 75 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Султан-эпенин жанына чатыр тигилип, анда балдар 7 күн эс алат.

Быйыл жайында Маңгыстау облусунда 252 лагерь эшигин ачты. Сезондун башталышында Каспий жээгинде балдардын эс алуу борборлору иштей баштады. Жалпысынан быйылкы жайкы мезгилде облус боюнча 140 миңден ашык окуучулар курорттордо жана мектеп лагерлеринде эс алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков