Орусия Казакстан менен өз ара соода көлөмүн көбөйтүүгө кызыктар

Орусия Казакстан менен өз ара соода көлөмүн көбөйтүүгө кызыктар

Санкт-Петербургда 25-эл аралык экономикалык форум өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар жаңы экономикалык саясат, азык-түлүк коопсуздугу жана евроазиялык интеграция маселелерин талкуулашат. Казакстан менен Орусия экономикалык кызматташтыктын негизги тенденциясы катары өнөр жай кооперациясына чоң маани берип жатат. Коңшу өлкө Казакстан менен сооданы кеңейтүүгө кызыктар. Учурда Казакстан Орусиянын соода өнөктөштөрүнүн ичинен экспорт боюнча сегизинчи, импорт боюнча тогузунчу орунда турат. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эле өлкөдөн Орусияга 7 миллиард 100 миллион долларлык товар жеткирилген.

Бакыт Султанов, Соода жана интеграция министри:

- Мунун жакшы мисалдары бар. КАМАЗ менен бирдикте Казакстандын аймагында дөңгөлөктөрдүн чоюн куймасы боюнча жогорку технологиялык өндүрүшүн түздүк. Бүгүнкү күндө биз бир катар өндүрүштөр боюнча, мисалы күкүрт кислотасын өндүрүү сыяктуу тармактар ​​боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Сергей Глазьев, Интеграция жана макроэкономика боюнча ЕЭК министри:

- Бизде чоң дарамет бар. Ишканалардын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 60 пайызды түзөт. Башкача айтканда, биз өндүрүштү мындан ары да жогорулата алабыз. Бирок өз ара сооданы насыялоо жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы талаш-тартыштарды арбитраждык сот аркылуу чечүүгө байланышкан маселелер бар. Батыш өнөктөштөр менен байланыштарды түзүү Евразия экономикалык биримдигиндеги жана Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен кызматташууну чыңдоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул жагынан Казакстандын ролу абдан чоң.

Санкт-Петербург экономикалык форуму кулжа айынын 18не чейин уланат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков