Казакстанда маалыматтык программалоонун заманбап мектептери түзүлөт. 20 жаңы университет айти тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого басым жасайт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, окуу 2 жылга созулат. Муну менен катар тиешелүү бөлүмдүн башчысы өлкөдө мындай окуу жайлардын бир нечеси иштеп жаткандыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө алардын бүтүрүүчүлөрү өлкө аймагынан чыкпай эле дүйнөлүк big-tech компанияларында ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда, мындай инновациялык мектептерди өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн «Тех Орда» программасынын алкагында 20 миң грант бөлүнөрү күтүлүүдө. Жаңы кесипке абитуриенттер гана эмес, кесибин өзгөртүүгө кызыккан ар бир адам учурда дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон айти-өнөрлөрүн акысыз үйрөнө алышат.
Багдат Мусин, РКнын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:
- Көптөгөн жогорку окуу жайлар сапаттуу бүтүрүүчүлөрдү чыгарып жаткан жок. Өлкө жогорку квалификациялуу адистерге муктаж. Бул биздин жалпы көйгөйүбүз. Ошондуктан, биз Билим берүү министрлиги менен биргеликте конкреттүү IT факультеттери бар 50 аймактык университетти IT тармагына ыңгайлаштырылган жогорку окуу жайларына жана IT-компаниялардын карамагына берүүнү камсыз кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков